• 88.68
  • 95
  • 0.95

Финансы министрлиги тарабынан 3,6 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү

Экономика 0

Бишкек, 23.12.22. /Кабар/. Финансы министрлиги тарабынан 3,6 миңден ашуун ишкерге колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Финансы министрлигинин кредиттик линияларды башкаруу башкармалыгын адиси А.Акматов «Кыргызстандын соода жана кызмат көрсөтүү ишканаларынын ассоциациясы» юридикалык жактардын ассоциациясынын аткаруучу директору Ж.Тентимишов менен бенефициарларга (акыркы керектөөчүлөргө) учурдагы кайтарылуучу финансылык жардам тууралуу маселелерин талкуулады.

А.Акматов микро, чакан жана орто ишканаларды ыкчам колдоо долбоору жана Баштапкы жана Кошумча каржылоо боюнча маалымат берди. Жолугушууда ишкерлер тарабынан кайтарымсыз каржылык жардам алуу тартибине, эрежелерине жана талаптарына өзгөчө көңүл бурулду.

Учурда пайызсыз жардам алууну каалагандар үчүн минималдуу талаптар коюлган.

Белгилей кетсек, Финансы министрлиги тарабынан өлкөдөгү 11 банк аркылуу 3 миң 645 ишкерге колдоо көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий