• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Финансы министрлиги тарабынан өлкөнүн сүт тармагына насыя берүү уланууда

Экономика 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Финансы-кредиттик фонду өлкөнүн сүт тармагына насыя берүүнү улантууда. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, насыя КР министрлер кабинентинин тескемесине ылайык төмөнкү шарттарда берилет:

- максаттуу багыты - сүт өндүрүү же ири мүйүздүү малдын башын көбөйтүү үчүн ири мүйүздүү малды (уйларды) сатып алуу;

- кредиттин суммасы – жарандарга 500,0 миң сомдон ашык эмес;

- фермердик чарбаларга – 1 000,0 миң сомдон ашык эмес;

- кредит алуучулар төлөөгө жөндөмдүүлүк критерийлерине ылайык келүүгө, алардын оң кредиттик тарыхы болууга жана бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздары болбоого тийиш;

- кредиттин мөөнөтү - 3 жылга чейин, анын ичинде негизги сумманы төлөө боюнча 9 айга чейинки жеңилдетилген мезгил;

- кредит боюнча пайыздык ставка - жылдык 6 пайыз;

- финансылык санкциялар - мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасына жылдык 12 пайыз;

- күрөөлүк камсыздоо;

- кепилдик берүү менен 150 миң сомго чейин кредит берүү каралат.

2023-жылдын 1-октябрына карата республика боюнча 380 субъектке 150 млн 650 миң сомго кредиттер берилген, анын ичинде:

Алардын ичинен:

- 150 миң сомго чейин кепилдик менен - 93 субъект;

- 500 миң сомго чейин күрөө менен – 281 субъект;

- 500 миң сомдон жогору - 6 субъект.

Пикир

Оставить комментарий