• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Шанхай кызматташтык уюму ачык жана суроо-талапка ээ

Өкмөт 0

Бишкек, 26.10.23. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында кеңейтилген курамда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын жыйыны өттү.

Отурумду Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин төрагасы, КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алып барды.

Министрлер кабинетинин төрагасы иш-чаранын катышуучуларын жылуу кабыл алып, “COVID-19” жарыялангандан бери биринчи жолу жеке жолугушуу форматында өтүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына

уюмдун толук кандуу мүчөсү катары биринчи жолу катышып жаткан Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер баштаган ирандык делегацияны куттуктады.

Андан ары ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынынын күн тартиби, ошондой эле баяндамачылардын тизмеси бекитилди.

Төрага катары биринчи болуп министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Төмөндө анын сүйлөгөн сөзүнүн толук тексти:

"Урматтуу кесиптештер,

ШКУ бүгүнкү күндө коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү жаатында пикир алмашуу жана өз ара алгылыктуу механизмдерди иштеп чыгуу үчүн өз ара аракеттенүүнүн уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптангандыгы талашсыз.

Достукка жана жакшы коңшулукка негизделген өз ара ишенимдин, теңдиктин жана урматтоонун азыркы принциби болгон “Шанхай деми” биздин мамилелерибизде бекем чыңдалып жатканын канааттануу менен белгилейм.

Биз биргелешип биздин уюмдун жоопкерчилиги алдында макулдашылган жана маңыздуу чечимдерди кабыл алуу борборун түзөбүз деп ишенимдүү айта алабыз.

Урматтуу делегация башчылары,

Биздин уюм ачык жана суроо-талапка ээ, мунун далили “ШКУ үй-бүлөсүнүн” кеңейиши.

Кыргыз Республикасынын Президенти, урматтуу Садыр Нургожоевич Жапаров белгилегендей, ШКУ диалог боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча Жол картасын иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.

Биргелешкен иштин арты менен Иран Ислам Республикасы ШКУнун толук кандуу мүчөсү статусун алды жана акыркы этапта Беларусь Республикасына ШКУга мүчө мамлекеттин статусун берүүнү мыйзамдуу каттоо аяктоо алдында турат.

Уюмдун ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарында активдүү жана бирдиктүү иш жүргүзүлүүдө.

Кызматташтыктын эң маанилүү аспектиси биздин аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелери болушу керек.

Мамлекет башчыларынын Кеңешинин “ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу механизмдерин өркүндөтүү жөнүндөгү” Чечимин ишке ашыруу максатында бул багыт тууралуу улуттук демилгелерди координациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүүдө.

Бул багытта биз Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселеси боюнча өнөктөштөр менен тыгыз кызматташууга үмүттөнөбүз.

ШКУнун ишмердүүлүгүн жакшыртууга олуттуу көңүл буруу керек. Биздин Уюмдун уставдык документтерине өзгөртүүлөрдү жана институционалдык реформаларды киргизүү боюнча бизде көп иштер турат.

Бул маселе боюнча тиешелүү чечимдерди жана документтерди кабыл алуу боюнча иштерди жүргүзүү маанилүү деп эсептейбиз.

Урматтуу делегация башчылары,

Бүгүнкү күндө Шанхай Кызматташтык Уюму дүйнөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан аймагы. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн жалпы калкынын саны 3,3 миллиарддан ашуун адамды түзөт же дүйнө элинин 42%дан ашыгын түзөт.

Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 45 трлн доллардан ашат.

ШКУ өлкөлөрү инновациялык процесстин керектөөчүсү болгон дүйнөлүк орто класстын өсүшүнө олуттуу салым кошуусу маанилүү.

Экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү биздин кун тартибибиздеги негизги маселелердин бири.

Соода, өндүрүш, энергетика, транспорт, инвестиция, каржы, айыл чарба, бажы, телекоммуникация жана башка өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө, ошондой эле жасалма интеллект тармагындагы технологияларды өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча ишти улантуу маанилүү.

Тилекке каршы, Өнүктүрүү банкын жана ШКУнун өнүктүрүү фондун түзүү маселеси көптөн бери талкууланып келет.

Бул түзүмдөр, биздин көз карашыбыз боюнча, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өз ара эсептешүүлөрүндө улуттук валюталардын үлүшүн мындан ары этап-этабы менен жогорулатууга түз көмөктөшмөк.

Бул маселе боюнча бир чечимге келебиз деп ишенем.

Кыргызстан ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат, ШКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө умтулат, соода-экономикалык кызматташтыкты жакшыртууга багытталган бардык демилгелерди кубаттайт.

Кыргызстандын ШКУ аймагында кызматташууну тереңдетүүгө багыттаганы соода жүгүртүү боюнча статистикалык маалыматтардан көрүнүп турат.

2022-жылы ШКУ өлкөлөрүнүн үлүшүнө Кыргызстандын жалпы соода жүгүртүүсүнүн 79,0%ы туура келген, анын ичинде экспортто 79,5%, импортто 78,8%. Мында 2021-жылга салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 1,7 эсеге өстү.

Мындан тышкары, бул жылы туруктуу өсүш уланууда. Алсак, 2023-жылдын жети айында Кыргыз Республикасынын ШКУ өлкөлөрү менен тышкы соода жүгүртүүсү 8,6%га өстү.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасына инвестициянын жалпы агымынын 55%ы ШКУ өлкөлөрүнөн келген.

Ошону менен бирге, өсүштүн оң динамикасына карабастан, Кыргыз Республикасы менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы өтө жогорку потенциалга ээ болгон соода-экономикалык өз ара аракеттенүү толук ишке ашырыла элек, бул соода байланыштарын тереңдетүү боюнча мындан аркы чараларды талап кылат.

Муну эске алуу менен мен кыргыз тараптын ШКУнун алкагында көп кырдуу кызматташууну мындан ары чыңдоо боюнча көз карашын белгилегим келет.

Ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн өнүгүүнүн заманбап инновациялык принциптерине негизделген “жалпы экономикалык рынокту” түзүү боюнча иштерди баштоо сунушталууда.

ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорттук системасын өркүндөтүү эл аралык транзиттик жүк ташуулардын кошумча көлөмүн тартууга жана мамлекеттерибиздин ортосундагы соода жүгүртүүнүн олуттуу өсүшүнө шарт түзөт.

Бул багытта “Кытай - Батыш Азия - Европа”маршруту боюнча Чыгыш менен Батышты бириктире турган “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорунун прогрессивдүү жүрүшүн белгилегим келет.

ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча бүгүн бекитилген Иш-чаралар планы биздин администрацияларга транзиттик жүк ташуу потенциалын түзүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бүгүн кыргыз тараптын демилгеси менен кабыл алынган электрондук соода, электрондук бажы жана электрондук логистика жана ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучуларынын санариптик жолугушуусунун Концепциясы чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо ачык болот деп ишенем.

Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканын принциптерине этап этабы менен өтүү жүргүзүлүп, экономиканын тармактарында “жашыл” багыттарды кийинчерээк ишке ашыруу үчүн ченемдик укуктук жана институционалдык база түзүлүүдө.

Муну эске алуу менен биздин Уюмдун алкагында “жашыл” экономиканы өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашуу жана технологияларды колдонуу биздин өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Урматтуу кесиптештер,

Курчап турган чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана анын кесепеттерин жумшартуу боюнча кеңейтилген кызматташтыкка көмөктөшүү маанилүү.

Биз климаттын өзгөрүшүнө, абанын жана суунун булганышына каршы күрөштө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо күчтөрдү бириктирүүнү сунуштайбыз.

Бул тармактын маанилүүлүгүн эске алуу менен келерки 2024-жыл ШКУнун Экология жылы деп жарыяланды жана бүгүн аны ишке ашыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар планы кабыл алынат.

Айыл чарбасы өлкөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт. Климаттын өзгөрүшүндө дагы таасирин тийгизбей койбойт.

Биз казак тараптын ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн селекциясы жана үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүү Программасынын долбоорун иштеп чыгуу жана бекитүү демилгесин колдойбуз.

Энергетика тармагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана ишке киргизүү маселелери заманбап дүйнөдө экономиканы өнүктүрүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн маанилүү шарты болуп саналат.

ШКУнун алкагында бул жаатта макулдашылган сунуштарды жана демилгелерди иштеп чыгуу үчүн тиешелүү документтер жана иштөө механизми бар.

Ушуга байланыштуу энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө кол коюлган жана кабыл алынган документтерди ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди топтоо маанилүү деп эсептейбиз.

ШКУнун алкагында биздин өз ара аракеттенүүбүздүн маанилүү багыты элдердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү чыңдоонун эффективдүү фактору катары олуттуу потенциалга ээ болгон туризм жана маданий-гуманитардык кызматташтык чөйрөсү болуп саналат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ортосунда 2022-жылы кол коюлган туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууну ишке ашыруу абдан актуалдуу.

ШКУнун дээрлик бардык өлкөлөрүндө элдик дипломатия институттары жана маданий борборлор бар. Бул институттардын, атап айтканда, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого салым кошууга даяр ШКУнун Маданий интеграция борборунун потенциалын пайдалануу маанилүү.

Урматтуу кесиптештер,

Белгилүү болгондой, ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны Пакистан Ислам Республикасында өткөрүлөт.

Ушуга байланыштуу Пакистан тарапка ийгиликтүү төрагалык кылууну каалайм.

Көңүл бурганыңыздарга рахмат».

Пикир

Оставить комментарий