• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Исаков "Торугарт-унаа жолу" өткөрмө жайынын жаңы имаратын пайдаланууга берилишин тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 30.12.17. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков кечээ,29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы "Торугарт-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү билдирди.

Премьер-министр транспорттук көзөмөл, фитосанитардык коопсуздук, санитардык-карантиндик көзөмөл жана ветеринардык коопсуздук пункттарынын иши менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда тесттик режимде Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутуму ишке киргизилген.

Өкмөт башчы аталган тутумду өлкөнүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Премьер-министр Сапар Исаков курулушу кытай мамлекети тарабынан гранттык көмөк көрсөтүү алкагында жүргүзүлүп жаткан «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жаңы имаратын көрүп чыкты.

Бүгүнкү күндө бардык курулуш иштери жыйынтыкталды. Имаратта административдик бөлмөлөр, ашкана жана жатакана каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов "Торугарт-автожол" көзөмөл-өткөрүү пунктунун модернизацияланган инфраструктурасы ЕАЭБдин бардык стандарттарына жооп берет жана кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө жагымдуу шарттарды камсыздоого мүмкүндүк түзөт деп белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий