• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Быйыл Оштун спортчулары 310 медаль тагынышты

Аймак 0

Бишкек, 30.12.17. /Кабар/. Быйыл Оштун спортчулары 310 медаль тагынышты,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы. Ош шаарында өлкөнүн курама командасына спортчуларды даярдоодо шаардык дене тарбия жана спорт комитети иш алып барат. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетин 2015-жылдын сентябрынан тарта Кылычбек Саркарбаев жетектеп келет.

Комитеттин курамында 165 кызматкер эмгектенет. Алардын жетөөсү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучулары, 23ү дене тарбия жана спорттун мыктысы жана 9у эл аралык даражадагы калыс наамдарындагы кызматкерлер. Учурда комитетте спорттун 21 түрү боюнча сегиз миңден ашуун өспүрүмдөр, студенттер жана шаар тургундары машыгып келет.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарды.

Быйыл, Комитет тарабынан шаардык деңгээлде 83 иш-чара уюштурулду. 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулардын күнү, 8-март Эл аралык Аялдардын эл аралык күнүнө карата шаарыбызда жайгашкан мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана ЖОЖ,орто окуу жайлардын студенттери арасында спорттун волейбол,баскетбол түрлөрүнөн мелдештер өткөрүлдү. Бул спорттук иш-чараларга мекеме-ишканалардан 22 команда, ЖОЖ,орто окуу жайлардан 19 команда катышышты.

2017-жыл “Ыйман, Адеп жана Маданият” жылына карата Ош шаарында Ордо оюну боюнча Ардагерлер республикалык мелдеши, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Дельфин” сууда сүзүү бассейининде шаарыбыздагы мектеп интернаттардын жаш мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акысыз оюн зооктор, спорттук мелдештер уюштурулуп, тамак-аштар берилди.

Ал эми, шаарыбызда тургундардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Ал үчүн Ош шаарынын аймагында дене тарбия жана спорттук мекемелерден: 1 стадион, 36 спорттук залдар шаар тургундарын тейлейт. Мындан сырткары каттоодо турган 35 түрдүү багыттагы мамлекеттик жана жеке менчик спорттук клубдар бар. Алардын көпчүлүгү акыркы жылдарда колдонууга берилген баардык талаптарга жооп берген спорттук мекемелер болуп саналат. Айта кетсек, 2015-жылы пайдаланууга берилген «Газпром» спорт комплекси, өткөн жылы бүткөрүлгөн «ЕRЕМ» спорт комплекси. Ал эми быйыл бокс жана оор атлетика мектеп интернаты, ФИФАнын каржылоосу менен Футбол Академиясы курулуп, пайдаланууга берилди. Ошондой эле, жакынкы жылдары Ош шаарына 1000 орундуу ден соолукту чындоо комплексинин курулушу паландалса, дагы Манас-Ата кичирайонуна Иран өлкөсүнүн каржылоосу менен 1 млн АКШ долларына спорт комплексин куруу боюнча макулдашууларды жүрүүдө.

Бул тармакты өнүктүрүү үчүн Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык Кеңеши тарабынан спорт тармагын каржылоо жылдан жылга көбөйүүдө. Эгерде 2013-жылы аталган комитеттин бюджети 9 млн. сомдун тегерегинде болсо, быйыл 2017-жылы шаардык дене тарбия жана спорт комитетине жергиликтүү бюджеттен 33 млн сомдон ашуун акча каражаты бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий