• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өзгөндө ири өрт катталды: 40 кой жана 13 уй күйүп кетти

Аймак 0

Бишкек, 30.12.17. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районундагы Жээренчи айылынын Тосой көчөсүндө жайгашкан 2 кабаттуу сарайдан өрт чыккан. Өрт кечээ, 29-декабрда болжол менен кечки саат 19:43 чамасында катталган.

ӨКМнин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен сарай толугу менен күйүп кеткен.

“Болжол менен 40 баш кой, 13 баш уй, 50 тоок жана 5000 түк чөп күйгөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 3 бөлүм тартылды. Тилсиз жоо кечки саат 21:25 чамасында чектөөгө алынды”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий