• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Абдыкадыров Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорундагы мектептердин курулушу менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Абдыкадыров Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя айылындагы жана Жети-Өгүз районунун Жалгыз-Өрүк айылындагы билим берүү мекемелеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, Эмилбек Абдыкадыров Кызыл-Кыя айылындагы мектептин курулушуна өзгөчө көңүл бурду. Анткени, мектеп 2016-жылы башталып, анын курулуш иштери узакка созулуп кеткен.

Облус башчы бул жагдайга тынчсыздануусун билдирип, Ысык-Көл облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысына курулушту тез арада бүтүрүү үчүн чукул чараларды көрүүнү тапшырды.

“Билимдүү жаштар – өлкөбүздүн келечегинин пайдубалы. Биз үчүн балдарыбыздын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу маанилүү. Андыктан мектептердин крулушун тез арада чечишибиз керек”,- деди Абдыкадыров.

Пикир

Оставить комментарий