• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Курулуш компаниясы Баткен облустук милициясына автоунаа тапшырды

Аймак 0

Бишкек, 11.05.21. /Кабар/. Баткен облустук ички иштер башкармалыгына автоунаа берилди.

Башкармалыктан билдиришкендей, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин милиция кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасына орчундуу чыгымдар келтирилген.

“Лейлек районундагы Максат айылдык милиция пункту өрттөлүп талкалган. Ал эми Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсү талап-тонолгон. Ошондой эле “Нива” жана “Газель” үлгүсүндөгү автоунааларга тажиктер тарабынан ок атылып, жараксыз абалга келген. Мындан улам “Бийиктик Курулуш” компаниясы материалдык жардам катары Honda CR-V 2 үлгүсүндөгү автоунаасын берди”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий