• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баш байге 60 миң сом. Ош шаарында «Таза короо» сынагы жарыяланды

Аймак 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Ош шаарында «Таза короо» сынагы жарыяланды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, күн мурун, 11-мартта муниципалитетте жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча штабдын кезектеги отуруму өттү.

Анда эки маселе каралып, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Жалил Осмонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, бөлүм башчылар, жогорку жана орто окуу жайларынын өкүлдөрү, аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты.

Жыйындын алкагында 13-март Ош шаарында жалпы ишембилик болуп, арыктарды тазалоого багыттала турганы айтылды. Анын алкагында 29 көчө кесилиштерин негиз кылып алып, бардык ишканаларга даректер берилди. Ал эми жеке ишканаларга жыйнап тазалоо боюнча тапшырмаларды жеткирүү үчүн аймактык башкармалыктын жетекчилерине жүктөлдү.

Экинчи маселе Ош шаарында «Таза короо» сынагын жарыялоо токтому менен тааныштыруу болду. Ош шаарынын аймагында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кварталдык комитеттеринин арасында өткөрүлгөн «Таза короо» конкурсунун жыйынтыгын чыгаруунун негизги критерийлери:

- бекитилген жер тилкелерин санитардык талапка ылайык таза кармоо;

- бак-дарактарды эгүү жана аны көгөртүү;

- жол боюндагы, короолордун ичиндеги жана сугат арыктарды тазалоо;

-короолордо жайгашкан ар түрдүү тосмолорду (балдар аянтчалары, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы ж.б.) сырдоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү;

-бак-дарактарды кыркып тегиздөө жана актоо;

-көп кабаттуу үйлөрдүн, кварталдарда жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоо, сырдоо, жарнактардын мамлекеттик тилде жазылуусун жана түнкү декоративдик жарыктандыруусун камсыз кылуу;

-көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшик терезелерин оңдоп-түздө иштерин жүргүзүү.

«Таза короо» конкурсунун жыйынтыгы 2021-жылдын 1-майына чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандалат.

Мыкты кварталдык комитеттердин жеңүүчүлөрүнө I-орунга 60 миң сом, II-орунга 40 миң, III-орунга 25 миң сом ыйгарылат. Мындан тышкары үй башчылары уюштуруу багытын колго алган үчүн сыйланышып, 1-орунга 15 миң, 2-орунга 10 миң, 3-орунга 5 миң сом тапшырылат.

Ошондой эле активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясы тарабынан белектер жана дипломдор берилет.

Пикир

Оставить комментарий