• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Аксыда 5 тоголок жетим бала жер тилкелерине ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Аксы райондук прокуратурасынын ишинин натыйжасында 5 тоголок жетим бала жер тилкелерине ээ болду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы райондук прокуратурасынын Кербен шаарынын мэриясында жүргүзүлгөн текшерүүсүндө шаардын тургундары тоголок жетим балдар Ж.Ө. жана Т.Ж. 16 жашка чыгышкандыгына карабастан турак жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган.

Жогоруда орун алган мыйзам бузууну четтетүү максатында райондук прокуратура тарабынан үстүбүздөгү жылдын 29-январында шаардын мэрине талап келтирилген.

Талапты кароонун натыйжасында Кербен шаарынын мэринин 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен жетим балдардын ар бирине 0,06 га турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилди.

Мындан сырткары, Аксы райондук прокуратурасы тарабынан келтирилген сунуштун негизинде Авлетим айыл аймагында жашаган А.М., Р.А. жана Н.К. аттуу тоголок жетим балдарга да турак жай салуу үчүн жер аянттары ажыратылды.

Учурда, токтомдорду каттоо органынан өткөрүү жана жер тилкелерине болгон мамлекеттик актыларды алып берүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тоголок жетим балдар турак жай куруу үчүн жер участогун кезексиз алуу укугу менен камсыз кылынат.

Пикир

Оставить комментарий