• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек ишкерлеринин ортосундагы келишим достукту жана кызматташтыкты бекемдейт – өзбек ишкери

Коом 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Өзбек-кыргыз бизнес форумунун алкагында кол коюлган келишим эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту бекемдеп, Кыргызстан менен Өзбекстандын бизнес коомчулугунун ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрөт жана кеңейтет. Бул тууралуу бизнес-форумдан кийин Намангандык «Sulaymon Shoh charm export» ЖЧКнын жетекчиси Олимжан Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, бул ишкана Кыргызстандан бизнес өнөктөшү Сулайман Мамедов менен биргеликте жакшы ниетте 2020-жылы мартта катталган.

“Биздин ишканага Наманган райондук акимчилиги 45 сотук жер бөлүп берген. Дүйнө жүзүндө олуттуу тынчсызданууну чакырган коронавирус пандемиясына байланыштуу биздин пландар бир канча убакытка кийинкиге жылдырылган. Азыркы учурда биз үч баскычтуу долбоорубуздун биринчи фазасын ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатабыз. Бул үчүн менин чет өлкөлүк өнөктөшүм 500 миң доллар берип жатат”,-деди Муталиев.

Намангандык ишкер булгаарыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу аяктагандан кийин жылына 150 миң погондук метр булгаары буюмдары иштетиле турганын айтты. Кийинки этапта булгаары кампасын жана кеңсе мекемесин куруу, андан тышкары экспорттоо пландалууда. Өзбек-кыргыз биргелешкен ишканасы толук кубаттуулукта иштей баштаса жумуш орду 50 гө чейин көбөйөт.

Наманган облусунун инвестиция жана тышкы соода башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2022-жылга чейин облуста кыргыз ишкерлеринин катышуусунда 9 инвестициялык долбоор ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий