• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эртеңден баштап Ош шаарында кинотеатрлардын иштөөсүнө уруксат берилет

Аймак 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Ош шаарында эртең, 3-декабрдан тарта кинотеатр, интернет клуб, кафе-ресторан жана балдар ойноочу жайлардын иштөөсүнө уруксат берилди. Мындай чечим бүгүн Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды.

Ош шаадык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, уруксат берилген жайларда санитардык талаптар толук сакталышы шарт.

Айта кетсек, уруксат берилген жайларда жарандар аралыкты сактоо менен отургузулуп, зал 50 пайызга гана толтурулушу керек.

Пикир

Оставить комментарий