• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда диний экстремизмдин алдын алууга багытталган семинар өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Жалал-Абадда «Жаштар арасындагы радикалдашууну жана диний экстремизмдин алдын алууда диний жана мамлекеттик уюмдар менен иштөөнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталышындагы семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, семинарга ИИМдин жана Жалал-Абад ОИИБнин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү, коомдук алдын алуу борборлорунун, эл аралык уюмдардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстандагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террористтик уюмдардын идеологиясы тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле экстремизди болтурбоодо коомдук алдын алуу борборлору кандай шартта иштөө зарылдыгы жеткирилди. Катышуучуларга Кыргызстанда тыюу салынган диний агымдар тууралуу маалыматтар камтылган атайын баракчалар таратылды.

Семинардын соңунда суроо-жооп форматындагы маектешүүлөр орун алып, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

Пикир

Оставить комментарий