• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖӨБЭММА: Нарын облусунда «Санарип аймак» системасын киргизүү жөнүндө семинар өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Нарын облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен «Санарип аймак» системасын киргизүү жөнүндө семинар өтүүдө. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин (ЖӨБЭММА) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасын ишке киргизүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө.

Нарын облусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарына «Санарип аймак» системасынын иштешин камсыз кылуу максатында айыл өкмөтү жана шаар мэрияларынын кызматкерлеринин катышуусунда практикалык семинарлар уюштурулууда.

Бүгүнкү күнү Ат-Башы районунун ЖӨБ органдарында практикалык семинарлар өткөрүлүп, «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат системасына кошулуу иштери башталууда. Семинар «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин адистеринин практикалык жардамы менен коштолду.

Белгилей кетсек, Нарын облусунда 15 айыл өкмөтү бар, алардын баарынын жооптуу катчылары менен семинар-тренинг өткөрүлүп, маалымат системасы ишке кирүүгө даярдык көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий