• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Нарындын борбордук базарында азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Нарын шаарынын борбордук базарында жана соода борборлорунда азык-түлүк бааларына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэриянын уюштуруусунда азык-түлүктүн бааларына мониторинг жүрдү .

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин, Каржы полициясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн мониторигде соодагерлер менен сүйлөшүүлөр жүрүп, азык-түлүктүн бааларын негизсиз көтөрбөөнү тапшырышты.

Мониторингдин жыйынтыгы менен күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өсүш импорттолгон азыктарда байкалып, бул кымбаттоо жергиликтүү жашоочуларга оорчулук туудуруп жаткандыгы боюнча маалымат өкмөткө билдирилет.

Ошол эле учурда азык-түлүктөрдүн бааларын негизсиз көтөрүүгө жол бербөө максатында тиешелүү органдар жума сайын мониторинг жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий