• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЖК депутаттарын шайлоо. Жалал-Абад облусунун башчысы добуш берүүгө катышты

Аймак 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 28-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Ыйгарым укуктуу өкүл үй-бүлөсү менен Сузак районунун Барпы айылындагы №2395 Жалал-Абад округунан атуулдук милдетин аткарды. Анда жалпы тургундарды өлкө келечегине кайдыгер карабай, өз тандоолорун жүргүзүп, шайлоого активдүү катышууга чакырды.

Облус башчысы бардык тилкелерде алдын ала керектүү шарттар түзүлгөнүн, азыркы учурга карата мүчүлүштүктөр орун албаганын билдирди.

Жалал-Абад облусундагы шайлоочулардын жалпы саны 685 миң 620ны түзөт. Аларга аймактарда 452 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Облус аймагында саат 10го карата 17 миң 323 шайлоочу добуш берүүгө катышып, ал 2,5 пайызды түздү.

Кечээ, 27-ноябрь күнү көчмө урналарда добуш берүү жүрдү. Аларга бирдиктүү шайлоо округунан 2 миң 700, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан 2 миң 571 арыз келип түшкөн болсо, андан 90 пайыз шайлоочу добушун берген.

Пикир

Оставить комментарий