• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМ: Саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө 27 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата чет өлкөлөрдө жайгашкан 27 шайлоо тилкесинде добуш берүү башталды. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагында чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын шайлоо укуктарын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары 29 чет мамлекетте 59 шайлоо тилкеси уюштурулган.

Ошондой эле, быйыл төмөнкү шаарларда шайлоо тилкеси жаңы ачылды:

- Россия Федерациясында - Хабаровск, Краснодар, Томск, Казань, Самара шаарларында;

- Түркия Республикасында - Анталья шаарында;

- Америка Кошмо Штаттарында - Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында;

- Италия Республикасында - Кальяри (Сардиния аралы) шаарында;

- Венгрияда - Будапешт шаарында.

"Аталган шаарларда шайлоо өткөрүү чечими Тышкы иштер министрликке жана Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн жарандардын арыздарынын негизинде кабыл алынды, мында аталган шаарларда жашаган мекендештерибиздин жалпы саны да эске алынды", - деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрликтин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин, КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын жана КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жасалган бир максаттуу аракеттеринин натыйжасында мурунку парламенттик шайлоого салыштырмалуу Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары добуш берүүчүлөрдүн тизмесине киргизилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 32 миң 602ден 84 миң 128ге жетти, башкача айтканда 2,5 эсеге көбөйдү, ал эми шайлоо тилкелердин саны 45тен 59га көбөйдү.

КРнын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында шайлоо өткөрүүнү ишке ашыруу боюнча министрликтин алдында түзүлгөн Штабдын координациясы менен чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жатышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында парламенттик шайлоого катышуу үчүн тизмеге кирүү жана добуш берүү тартиптери тууралу кеңири маалыматтык-түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Биринчи болуп Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде ачылган шайлоо участогу ачылды (Бишкек убактысы боюнча 28-ноябрда саат 03.00дө).

Бишкек убактысы боюнча саат 10:00гө карата 27 шайлоо участогунда - Россияда, Японияда, Кореяда, Кытайда, Малайзияда, Казакстанда, Индияда, Туркменистанда, Таджикистанда, Узбекистанда, Пакистанда, Азербайджанда жана БАЭде добуш берүү башталды.

Убакыт боюнча айырмачылыкты эске алуу менен, КРнын чет өлкөлөрүндөгү башка мекемелеринде добуш берүү кечирээк башталат.

Чет өлкөлөрдо добуш берүүнү акыркы болуп Чикаго шаарында жаңы ачылган шайлоо участогу аяктайт (Бишкек убактысы боюнча үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрында саат 08.00дө).

Саат 10:00гө карата добуш берүүчүлөрдүн саны 636 КРнын жаранын түздү.

Министрлик тарабынан КР Жогорку Кеңешинин, министрлер кабинетинин жана БШКнын атынан 132 түрдүү өкүлчүлүктөргө, эл аралык уюмдарга, чет мамлекеттердин Кыргызстанда аккретацияланган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө чакыруу жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, КР БШКсы тарабынан 736 эл аралык байкоочулар, 7 өлкөдөн 50 чет өлкөлүк журналисттер КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан аккредитацияланган.

Пикир

Оставить комментарий