• 88.68
  • 95
  • 0.95

БШКда АСУнун жана кол менен саноонун маалыматтарын салыштырып текшерүү боюнча топ түзүлдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясында АСУнун жана кол менен саноонун маалыматтарын салыштырып текшерүү боюнча топ түзүлдү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, БШКда Жарандык көзөмөл комитети менен биргеликте парламенттик шайлоого катышкан саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Анда партиялардын жана ЖМКлардын өкүлдөрүнө добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруунун жүрүшү жана тартиби тууралуу маалымат берилип, 2021-жылдын 28-ноябрында сайтта маалыматтарды көрсөтүүдө келип чыккан механикалык катанын себептери түшүндүрүлдү.

Жолугушууда бүгүнкүгө карата участкалык шайлоо комиссиялары тарабынан добуштарды кол менен саноонун аяктаганын, ал партиялардын өкүлдөрүнүн, талапкерлердин, ошондой эле коомдук байкоочулардын катышуусунда өткөрүлгөндүгү айтылды.

Азыркы учурда округдук шайлоо комиссиялары участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтарын серверге жүктөөнү аяктады, ал маалыматтар сайтта жарыяланат.

Маалымат үчүн: «КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамынын 35-беренесинин 18-бөлүгүнүн 4-абзацына ылайык, БШКнын борбордук серверине келип түшкөн сканерленген документтер протоколду толтуруунун тууралыгы текшерилгенден кийин БШКнын сайтына жарыяланат.

БШК жана Жарандык көзөмөл комитети автоматтык эсептөөчү урналардын (АЭУ) маалыматтарынын жана добуштарды кол менен саноонун аныктыгын көз карандысыз түрдө салыштырып текшерүү үчүн партиялардын өкүлдөрүнөн, талапкерлерден, коомдук байкоочулардан турган топ түзүүнү сунуштады. Учурда шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрүн, көз карандысыз IT адистерин жана коомдук байкоочуларды топко киргизүү жөнүндө сунуштар түшүүдө.

Бул топ бюллетендерди кайра саноо үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын материалдарын тандап алат; байкоочулар жана ар түрдүү партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир шайлоо участогунан АЭУдан алган баштапкы маалыматтарды салыштырат.

Топтун милдети – ар бир шайлоо участогу боюнча БШКнын сайтында көрсөтүлгөн маалыматтарды АЭУдан алынган отчёттор менен салыштыруу жана маалыматтардын аныктыгынын/ажырым бар экендигинин ырасталышын изилдөө; ошондой эле АЭУну метрологиялык жактан текшерүүнү жүргүзүү.

Техникалык катанын себептерин аныктоо боюнча көз карандысыз жумушчу топко өз өкүлдөрүн киргизүү жөнүндө арыздар шайлоого катышкан саясий партиялардан ж.б. кызыкдар тараптардан 2021-жылдын 3-декабрына чейин кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий