• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Күтүлбөгөн жагдайларда жардам көрсөтүү үчүн троллейбустарда коргоочу каражаттар жаңыланды

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы күтүлбөгөн жагдайларда троллейбустун жүргүнчүлөрүнө жардам берүү үчүн коргоочу каражаттарды жаңылады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишкананын даярдоо жана камсыздоо бөлүмү тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 200гө жакын өрт өчүргүч, 240 даана диэлектрик колкап жана 150 даана автоаптечкалар сатылып алынган.

Диэлектрик мээлейлер – троллейбустун айдоочуларын электр тогунун уруусунан коргогон, электр өткөрүмдүүлүгү төмөн полимерлерден жасалган жеке коргонуу каражаттары. Диэлектрик кол каптарды колдонуу кырсыктан жана жумушчулардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калат. Ошондой эле ар бир троллейбуста аптечка болушу керек – ансыз жолго чыга албайсың. Биринчи жардам аптечкасы кырсык болгон учурда гана эмес, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн жолдо бара жатканда ден-соолугу начарлап калган убакытта абалын жеңилдеткенге керектелет.

"Анткени, троллейбустар өзгөчө өрт коркунучу бар объектилерге кирет. Ошол себептүү троллейбуста өрт өчүргүчтөрдүн болушу милдеттүү болуп саналат. Троллейбустар үчүн өрт өчүргүчтөр тиешелүү талаптарга жана эрежелерге ылайык келиши керек. Бул нормалардын бардыгы жүргүнчүлөрдү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелеринде жазылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Күтүлбөгөн кырдаалдарда транспорт каражатынын айдоочуларынын жана жүргүнчүлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу коомдук транспортто өрт өчүргүчтөрдүн болушунан көз каранды.

Пикир

Оставить комментарий