• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Садыр Жапаров алдыга чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо аяктап, алдын ала жыйынтыгы чыга баштады.

БШКнын маалыматы боюнча жалпы 1 млн 180 миң 515 шайлоочу добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 33,13%ын түзөт (сандар эсептөөгө жараша өзгөрүлөт).

Автоматтык эсептөө урналардын алдын ала маалыматы боюнча талапкерлер төмөндөгүчө добуштарга ээ болгон:

1. Садыр Жапаров - 78.91%;
2. Канатбек Исаев - 0.59%;
3. Мыктыбек Арстанбек - 1.44%;
4. Клара Сооронкулова - 0.90%;
5. Имамидин Ташов - 1.20%;
6. Рашид Тагаев - 0.00%;
7. Абдил Сегизбаев - 1.38%;
8. Адахан Мадумаров - 6.38%;
9. Аймен Касенов - 0.84%;
10. Улукбек Кочкоров - 0.72%;
11. Жеңишбек Байгуттиев - 0.09%;
12. Эльдар Абакиров - 0.45%;
13. Курсан Асанов - 0.48%;
14. Арстанбек Абдылдаев - 0.08%;
15. Равшан Жээнбеков - 0.19%;
16. Бактыбек Калмаматов - 0.51%;
17. Бабыржан Төлбаев - 2.05%;
18. Каныбек Иманалиев - 0.16%;
19. Баарына каршы - 1.21%.

Пикир

Оставить комментарий