• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абаддагы "Алтын балалык" лагеринин ишмердүүлүгүнөн кабар алынды

Аймак 0

Бишкек, 11.07.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тиешелүү адистер менен биргеликте Сузак районунун Кара-Алма айылындагы "Алтын балалык" лагеринин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 100 балага ылайыкташкан лагерде учурда Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 7 жаштан 14 жашка чейинки 75 бала эс алууда.

Лагердеги шарт-жагдай эл өкүлдөрү тарабынан канааттандырарлык деп табылып, алдыда заманбап коттедждерди куруу үчүн тиешелүү иш-пландарды жүзөгө ашыруу зарылчылыгы белгиленди.

Эскерте кетсек, аталган лагерь 1-июлдан тарта балдарды кабыл алып иштей баштаган. Ал эми каржылоо жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.

Мында негизинен, шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана ата-энесинен ажыраган балдар жыл сайын эс алууга келишет.

Пикир

Оставить комментарий