• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 73 жасалма дем алуу аппараты бар – Боржуев

Аймак 0

Бишкек, 07.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 73 жасалма дем алуу аппараты бар. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук медициналык штабдын башчысынын орун басары Урмат Боржуев билдирди.

Боржиевге Жалал-Абал ТВ каналынын түз эфиринде облуска канча дем алуу аппараты келди, коронавирус жуктурган бейтаптардын абалы кандай деген суроо узатылды.

"Бизге жардам катары сырттан жасалма дем алуу аппараттары келген жок. Өзүбүздө болгон аппараттар жетиштүү. Жалал-Абад облусунда 73 жасалма дем алуу аппараты бар. Алардын баары иштейт. Андан тышкары дагы 32 аппарат бар. Бирок аларды оңдоодон өткөрүү керек. Азыр оңдоо иштери башталып жатат", - деди ал.

Анын айтымында, учурда облуста коронавирус жуктурган 79 бейтап бар.

"Облус боюнча 79 бейтап ооруканаларда жатат. Алардын ичинен реанимацияда жаткандар жок. Баары жөнөкөй палатада жатат. Жасалма дем алуу аппаратына муктаж болгон бейтаптар жок", - деди ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-апрелге карата коронавирус жуктурган 12 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 228ге жетет. Алардын ичинен 23 адам коронавирустан айыккан. Коронавирус жуктурган 4 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий