• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 11-майдан тарта 1,4 миңдей ишкана ишин жандантты

Аймак 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Коронавирус оорусунун экономикалык абалга тийгизген таасиринин алдын алуу максатында, Баткен облусунда 1-майдан тарта 1500,11-майдан 1400дөй ишканалар ишин жандантты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулу Алишер Абдрахманов бүгүн брифинг учурунда билдирди.

Ал маалымдагандай, 11-майдан негизинен 4 тармак иштеп баштаган. Алар: микрофинансылык уюмдар — 26 ишкана, күнүмдүк турмуш тиричиликке керектүү сантехника, монтаждоо, оңдоо, тазалоо, унаа жуучу жайлар — 246 ишкана, курулуш материалдарын, унаа тетиктерин сатуучу түйүндөр — 300гө жакын жана такси кызматтар — 800.

Өкүл кошумчалагандай, бул тармактарга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана гигиенаны сактап иш алып баруу жагы эскертилген.

Пикир

Оставить комментарий