• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында “Асан-Үсөн” бала бакчасы үчүн кошумча имарат курулат

Аймак 0

Бишкек, 04.02.23. /Кабар/. Кечээ, 3-февралда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундарга 2022-жыл ичинде ар кайсы тармактарда аткарылган иштер боюнча маалымат берилди. Андан соң жарандардан суроолор жана кайрылуулар кабыл алынып, орун алган көйгөйлөр боюнча өздөрүнүн суроо-талаптары айтылды.

Алсак, тургундар бир катар алыскы кичи райондордо инфраструктураны өнүктүрүү, анын ичинде эски электр мамыларын алмаштыруу, жолдорду оңдоо жана асфальттоо, таза суу менен камсыздоо, бала бакча куруу, мектептердин жанына жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү орнотуу, жеке мончолордун газ түтүктөрүнө фильтрлерди орнотуу, балдар аянтчаларын жана “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча имарат куруу маселелерин мэрге айтышты.

Ошондой эле Озгур айылына каттаган №107,109 маршруттук кичи автобустардын кыймылын жөнгө салуу, көп кабаттуу үйлөрдүн чатырын жылытуу жана оңдоо иштери тургундарды кызыктырды.

Мэриядан белгилешкендей, жарандардын кайрылууларын аткаруу боюнча жеринде тиешелүү кызматтардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

Ош шаардык жолдор башкармалыгынын быйылкы жылдагы бюджетинин долбооруна бир катар маселелер киргизилет.

Ошондой эле калаа башчысы белгилегендей, быйыл шаардагы бардык кичи райондорго жаңы электр мамычалары орнотулуп, “Асан-Үсөн” бала бакчасына кошумча имарат куруу да пландалып жатат.

Пикир

Оставить комментарий