• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тоң районунда Куран жаттоо борбору курулууда

Аймак 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун борбордук мечитинин жанына 50 балага ылайыкташкан Куран жаттоо борбору курулууда. Бул туурасында Тоң райондук хатибиятынан билдиришти.

“Тон районунун Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечитинин жанына жайгаша турган Куран жаттатуу борбору заманбап үлгүдө салынмакчы. Ичинде ашкана, жуунуучу жайы, жылуулук менен толук камсыздалмакчы”,-деп билдиришти хатибияттан.

Аталган борбор Бөкөнбаев айылынын тургуну Нурдин ажынын демөөрчүлүгү менен иш жүзүнө ашууда.

Пикир

Оставить комментарий