• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Бишкек жашоочулар жана туристтер үчүн ыңгайлуу болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын жыйынына катышты, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Коллегиянын отурумунда муниципалитеттин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата милдеттери талкууланды.

Коллегиянын жыйынында сөз сүйлөгөн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мэриянын кызматкерлерине Бишкек Жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал учурунда координацияланган оперативдүү иштери үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал шаардын бюджетин көбөйтүү үчүн болгон потенциалга басым жасап, салыктарды башкаруу, инвентаризациялоо, бухгалтердик эсеп, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле бардык процесстерди санариптештирүү зарылдыгын кошумчалады.

“Бишкек шаары биздин экономикабыздын локомотиви болушу керек. Шаардын жашоосунун маанилүү тармактарын электрондук түрдө көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү үчүн бардык процесстерди санариптештирүү зарыл. Шаарда тазалык, коомдук коопсуздук, шаар чөйрөсүнүн эстетикасы жана жашылдандыруу боюнча өзгөчө тартип жана эрежелерди киргизүү зарыл. Шаар жашоочулар жана туристтер үчүн ыңгайлуу болушу керек. Бизге кооз архитектуралар, беш жылдыздуу мейманканалар керек. Быйыл футбол стадионунун курулушу күтүлүүдө. Коюлган пландардын ичинде бардык инфраструктурасы бар заманбап бизнес-борбордун курулушу да бар”, - деди Акылбек Жапаров.

Мэриянын коллегиясынын жыйынынын соңунда салыкты башкаруу, санариптештирүү, катализаторлору жок унаалардын экологияга зыяндуу заттарды чыгаруусуна талаптарды жана көзөмөл чаралары боюнча иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Коллегиялык жыйындын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы мэрияга сатылып алынган техникалар менен таанышты. Анда, көрктөндүрүү жана коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында түзүлгөн муниципалдык инспекцияга 11 даана электромобил алынган. Инспекция өз ишинде абаны тазалоо, тазалыкты сактоо жана булгануунун алдын алуу, транспорттордун экологияга тийгизген таасирин, ошондой эле жарандар тарабынан тазалыкты сактоо маселелерин көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ. Ошондой эле, муниципалдык ишканалар үчүн 40 даана атайын техникалар жана жабдуулар алынды.

Пикир

Оставить комментарий