• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Келечек муунду тарбиялоодо мугалимдердин ролу өзгөчө

Өкмөт 0

Бишкек, 23.08.22. /Кабар/. Балдардын, өспүрүмдөрдүн, жаштардын кызыкчылыктарын урматтоо биздин өлкөдө чоңдордун жүрүм-турумунун абсолюттук эрежеси болууга тийиш. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн билим берүү кызматкерлеринин, билим берүү тутумунун жетекчилеринин республикалык педагогикалык кеңешмесинде сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы келечек муунду тарбиялоодогу мугалимдердин өзгөчө ролун белгиледи.

«Кыргызстандын элдеринин биримдигин чыңдоо, толеранттуулукту арттыруу жана көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын урматтоону сактоо, мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана жайылтуу, көп тилдүүлүктү сактоо жана өнүктүрүү, саясий институттарга жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимди жогорулатуу жана жеткиликтүүлүккө бирдей шарттарды түзүү – мына ушулар «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү концепциясы жөнүндө Жарлыктын негизги багыттары. «Кыргыз жараны» деген түшүнүк алгач үй-бүлөдө түптөлөт. Дал ошол жерде жаш балдар Кыргызстанды сүйүүгө, өз өлкөсү менен сыймыктанууга үйрөнө алат. Бирок, андан ары, дал сиздер, педагогдор, балдарыбызга билим гана бербестен, Кыргызстандын татыктуу атуулу болушуна да өбөлгө болуп, жардам берип жатасыздар», - деди ал жана алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде жарандуулук, көп тилдүүлүк жана көп маданияттуулук түшүнүгүн ачып бере ала турган материалдарды билим берүү программасына киргизүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий