• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азиз Аалиев РФ Керектөөчүлөрүнүн укугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрүнүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматынын жетекчиси, башкы мамлекеттик санитардык дарыгери Анна Попова менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Азиз Аалиев россиялык тарапка Кыргыз Республикасына COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары мындан ары карай кыргыз адистерин окутуу жана алардын адискөйлүгүн жогорулатуу жана россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашууда, ошондой эле лаборатоириялардын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын күчтөндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдарлыгын билдирди.

Керектөөчүлөрдүн укугун жана адам бакубаттуулугун коргоону көзөмөлдөө боюнча федералдык кызмат жетекчиси Анна Попова кооптуу инфекциялардын жайылышына каршы күрөшүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда эки өлкөнүн тармактык түзүмдөрүнүн натыйжалуу өз-ара аракеттенүүсүн жана келечектеги кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар калктын ден соолугун коргоо, эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана эпидемиологиялык көзөмөл тутумун чыңдоо боюнча мындан аркы кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий