• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжай районунда жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешме өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Кадамжай районунда жыл жыйынтыгы боюнча коллегиялык кеңешме өткөрүлдү, - деп билдирет президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Кеңешмеге КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакиров, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл аймак башчылары катышты.

Жыйында:

1) Кадамжай районунун 2021-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө,

2) КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-декабрындагы "2017-2021-жылдарга АИВ илдети жөнүндөгү" улуттук программасын турмушка ашырууда шаардык мэриялардын жана айыл өкмөттөрдүн аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө,

3) Үч-Коргон атайын жалпы билим берүү жатак мектебиндеги балдарга берилип жаткан билим-тарбиянын жана мектептин жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгү жөнүндө жана кошумча суроо жооптор болду.

Облус башчысынын биринчи орун басары Тулаев өз сөзүндө президенттин жарлыгына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү 50% жеңилдик менен электр энергиясы менен камсыз кылуу жана жер маселелерин кызыл китеби, документтештерүү иш аракеттерин ыкчам бүткөрүү боюнча иш аракеттерди жүргүзүлүүсү боюнча бир катар кошумча тапшырмаларды койду.

Ошондой эле М. Тулаев ыйгарым укуктуу өкүл Абдикарим Алимбаевдин тапшырмасына ылайык, ар бир район-шаарлар жана айыл аймактарда коюлган тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө так аткара албаса тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысынын орун басары санариптик аймак, электрондук документ жана E кызматын туташтыруу боюнча 10 күндүк мөөнөттө бардык мекеме-ишканалар ишке ашыруу керектигин тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий