• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Укук коргоочулар Казакстанда сабалган Чолпонбек Сыдыковдун абалынан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда КР Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков, аппараттын тармактык бөлүмүнүн кызматкери жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков Чолпонбек Сыдыковдун абалынан кабар алышты. Бул тууралуу Акыйкатчы катчылыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков үстүбүздөгү жылдын январь айынын башында Алматыда болгон тополоңдон кийин Казакстандын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалып, катуу сабалып, кечээ, 20-январда Алматыдан Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Учурда Чолпонбек Сыдыков ооруканада дарыланууда.

"Жабыркаган Ч.Сыдыков менен сүйлөшүү болду, Стамбул протоколуна ылайык медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, андан соң керектүү медициналык документтер түзүлгөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Укук коргоочулар менен болгон жолугушууда Ч.Сыдыков Кыргызстандын компетенттүү органдарынан анын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана калыбына келтирүү, күнөөлүүлөр тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтурууга иликтөө жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Бул жолугушуудан кийин КР Акыйкатчы аппараты КР Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине тиешелүү каттарды жөнөттү, аларда төмөнкүдөй өтүнүчтөр камтылган:

– Кыргыз Республикасынын жараны Чолпонбек Сыдыковдун Алматы шаарында негизсиз кармалышы, Казакстан Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кыйноолорду колдонуу жана анын денесине залал келтирүү фактылары боюнча иликтөө жүргүзүү;

- Ч.Сыдыковду жабырлануучу катары суракка алып, ага келтирилген дене жаракатынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындоо;

- Казакстандын укук коргоо органдарынан Ч.Сыдыковдун Алматы шаарынын Алатау РИИБнин тергөө абагында кармалып турганда андан алынган жеке документтерин талап кылуу.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институту КР Саламаттык сактоо министрлигине операция жасоо жана толук дарылоо курсун акысыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо өтүнүчү менен кат жолдоду.

Пикир

Оставить комментарий