• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинети чет элдиктер жана жарандыгы жоктор үчүн «жашыл коридорду» жокко чыгаруу чечимин кабыл алды

Өкмөт 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок жактардын жүрүүсүн иреттөө, ошондой чет элге чыгуучу аба, темир жол жана унаа каттамдарынын калыбына келтирилгендигин эске алуу менен министрлер кабинети тарабынан 2022-жылдын 1-мартынан тарта чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдары үчүн «жашыл коридорду» жокко чыгаруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө, же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүү үчүн тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздөө сунушталат.

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин кабыл алган чечими тууралуу өз мөөнөтүндө маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү тапшырылды.

Маалымдама: Коронавирус инфекциясынын (COVID-19) дүйнөдө жайылышына байланыштуу убактылуу чектөөлөр иштеген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы №84-р токтому кабыл алынган, ал боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында виза аркылуу жана визасыз режимдин негизинде жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок жактар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визасын албастан жана жашаган жери боюнча каттоосу жок эле, жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айыппул төлөбөстөн, чыгып кетүүлөрү каралган.

Пикир

Оставить комментарий