• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Душанбеде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча кезектеги жолугушуу өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, 2021-жылдын 4-9-августунда Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү Протоколго кол коюлду.

Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүүнү макулдашты.

Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү манайында өттү

Пикир

Оставить комментарий