• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдөгү суткалык суу бөлүштүрүү бассейндерине мониторинг жүргүзүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 5-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июлда, Чүй облусуна жасаган жумушчу сапарыны алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба жана мелиорация департаментине этабы менен тазалоо иштерин өткөрүү үчүн Чүй облусундагы бардык суткалык суу бөлүштүрүү бассейндерине мониторинг жүргүзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусу боюнча Суу чарба департаментинин башкармалыгынын начальниги Руслан Девяткулов маалымдагандай, суу сактагычтын бассейнин жарымы механикалык тазалоодон өткөрүлгөн. Аталган объект бир эле учурда суу сактагыч жана суу тундуруучу болуп саналат. Суу сактагычты тазалоо ал курулган 1940-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес.

Толук кандуу тазалоого 30 млн сом каражат талап кылынат. Тазалоо иштерин жүргүзүү 3 жыл аралыгында этап-этабы менен жүргүзүү пландаштырылууда. Мындай чара башка коңшу суу сактагычтарды суу менен камсыздоону күчөтөт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, ирригацияны өнүктүрүү жана суу пайдалануу системасын жакшыртуу – Өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү келечектүү багыттардын бири. Жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында суткалык суу бөлүштүрүү бассейндерин жана Чүй облусундагы суу сактагычтарды келечектүүлүгүнө карата каржылык булагын аныктоо менен (жергиликтүү же республикалык бюджет) үч топко бөлүштүрүү зарыл.

Аталган графикке ылайык финансылык каражаттар бөлүнөт жана тийиштүү иштер жүргүзүлөт.

Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, Өкмөт 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүү мамлекеттик программасын кабыл алган. Ага ылайык өлкөдө ири ирригациялык долбоорлор ишке ашырылат.

Андан соң Премьер-министр айнек чыгаруучу Кыргыз-Россия-Китай «Два союза» ААК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишкана 100 миллилитрден 3 литрге чейинки айнек идиштерин өндүрүү менен алектенет. 2013-жылы оор финансылык абалга жана жогорку атаандаштыкка байланыштуу ишкана өзүнүн ишмердүүлүгүн токтоткон. Бүгүнкү күндө материалдык-техникалык базаны жаңылоо үчүн 1 млн.АКШ доллары өлчөмүндө каржылык инвестиция тартылууда. Ишкананын ишке киргизилиши менен 200 адам жаңы жумуш орундары менен камсыздалат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ишкердик жүргүзүүдө келип чыккан маселелер боюнча ар тараптуу жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий