• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда эл каттоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Жалал-Абадда эл каттоого даярдыктардын жүрүшү талкууланды, - деп кабарлайт президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын калкын каттоо жараяны 2022-жылы 25-марттан 3-апрелге чейин болот.

Бүгүн Жалал-Абад облусунун район-шаарларында даярдыктардын жүрүшү талкууланып, тапшырмалар берилди. Жыйынга Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, район-шаарлардын башчылары жана статистика комитетинин кызматкерлери катышты.

"Буга чейин бардык аймактарда эл каттоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн. Жолугушууда жергиликтүү бюджеттен эл каттоого бөлүнүүчү акча каражаттарын өз убагында камсыздоо, калк арасында түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтууга басым жасоо керектиги айтылды. Ага кошумча эл каттоодо жумушка тартылуучу кызматкерлерди имарат менен камсыздоо маселелери көтөрүлүп, ар бир район-шаардагы даярдыктардын жүрүшү тууралуу маалымат берилди", - деп айтылат билдирүүдө.

Ага ылайык, Ала-Бука району менен Кара-Көл шаарында белгиленген календарлык план боюнча так жумуштар жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Облус башчысынын биринчи орун басары Мамасалы Акматов айтылган кемчиликтерди жоюу иштерин күчөтүп, эл каттоо өнөктүгүнө керектүү бардык даярдык чараларын көрүү тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда ар он жыл сайын эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Анда өлкөдөгү туруктуу жана убактылуу жашаган бардык адамдар жана турак жайлар катталат. Мында ар бир жаран тууралуу маалымат алынып, купуялуулугу сакталат. Бул жолку эл каттоо электрондук тартипте жүргүзүлөт.

2020-жылга белгиленген эл каттоо коронавирус пандемиясынан улам токтотулган.

Жалал-Абад облусунан эл каттоого жалпы 5 миң 162 адам убактылуу жумушка тартылат. Анда мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштебеген, жаңы технологияларды өздөштүргөн бардык жарандар иштөөгө болот.

Пикир

Оставить комментарий