• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сыдыковдун Алматыда сабалышы. ТИМ казак консулуна нота тапшырды

Коом 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги казак консулуна Алматыда кыргызстандык жарандын сабалышы боюнча нота тапшырды.

Тышкы саясий органдын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 21-январда КР Тышкы иштер министрлигине Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулу чакырылган.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жараны Ч.Ш.Сыдыковдун сабалышына карата нота берилди, анда аталган жаранга карата мыйзамсыз аракеттерди колдонуу менен ден соолугуна олуттуу зыян келтирген Казакстандын айрым укук коргоо органдарынын аракеттерине кыргыз тараптын тынчсыздануусу айтылат.

Мындан тышкары, окуянын бардык жагдайларын тактоо, Ч.Сыдыковдун ден соолугуна оор залал келтиргендиги үчүн бардык күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу жана компенсация төлөп берүү үчүн кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүү зарылдыгына көңүл бурулду.

Пикир

Оставить комментарий