• 88.68
  • 95
  • 0.95

ӨКМ кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 16.02.23. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, 16-февралдан 19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түрүү коркунучу жогору болот.

Алсак:

- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакымында (Төө-Ашуу ашуусу);

- 198-265-чакырымында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу);

- 356-358-чакырымында (Көк-Бел ашуусу), Суусамыр-Талас-Тараз 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);

- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 58-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу);

- Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-4-чакырымында Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымында;

- Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы), 352-354-чакырымы (Кызыл-Бел ашуусу);

- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымы (Ийри-Суу тилкеси), 60-94-чакырымы (Кара-Гөө ашуусу), Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14 жана Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179-чакырымы (Талдык ашуусу) Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 98-136-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий