• 88.68
  • 95
  • 0.95

Үйдө бала бакча ачуу. Ишкерлер үчүн окуу модулу иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Жумушчу топ патенттин негизинде үйдө бала бакча ачууну каалаган ишкерлер үчүн окуу модулун иштеп чыкты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги басма сөз жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева билдирди.

Анын айтымында, 7 адамдан турган биринчи топ модуль боюнча биринчи окуудан өттү.

"Модуль кенен маалыматты эмес, негизги маалыматты гана камтыйт", - деди ал.

Окутуу 3 күн өткөрүлөт:

- 1-күн үй шартында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын стандарттарына минималдуу окутууну жана педагогикалык ишмердүүлүктү ишке ашыруу үчүн негизги билимди камтыйт.

2-3-күндө тиешелүү органдардын өкүлдөрү баланын өнүгүүсүнүн талаптары, кызматтары жана негизги стандарттары тууралуу маалымат беришет.

Жыйынтыгында катышуучулар тестирлөөдөн өтүп, андан соң окууну аяктагандыгы тууралуу сертификаттарды алат.

Пикир

Оставить комментарий