• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Акылбек Жапаров менен Сардор Умурзаков телефон аркылуу сүйлөштү

Өкмөт 0

Бишкек, 16.02.23./Кабар/. Министрлер уабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчиси Сардор Умурзаков менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты, атап айтканда, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Акылбек Жапаров Өзбекстан президентинин администрациясынын жетекчисин Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 30 жыл толушу менен куттуктады.

Пикир

Оставить комментарий