• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ делегациясы Сеул шаарында Эл аралык полиция саммитине катышууда

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин делегациясы Сеул шаарында (Корея) дүйнөлүк укук коргоо тармагындагы эң маанилүү иш-чарасы – Эл аралык полиция саммитине катышууда.

Ведомстводон билдиришкендей, кыргыз делегациясынын курамында ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы Уланбек Султанов, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов бар.

Жыйындын жүрүшүндө трансулуттук кылмыштуулукка, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө жана тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодо глобалдык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиленди.

Мындай иш-чаралар достуктун өнүгүшүн гана көрсөтпөстөн, мындан аркы өнөктөштүк үчүн жакшы түрткү болуп, мамлекеттер ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жана тыгыз өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоо үчүн бекем негиз түзөт.

Азыркы өзгөрүп жаткан заманбап дүйнөдө технологиялык прогресстин акыркы жетишкендиктери кылмыш жасоодо кеңири колдонулууда, кылмыш жасоонун жаңы формалары жана ыкмалары пайда болууда, аларга каршы аракеттенүү аларга каршы күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу министрлик жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү үчүн чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө умтулууда.

Саммиттин жүрүшүндө киберкылмыштуулук жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулук тармактары менен күрөшүү маселелери талкууланып, катышуучулар ошондой эле укук коргоо жана улуттук коопсуздук жаатында тажрыйба менен алмашышты.

Аталган иш-чара глобалдык укук тартибин чыңдоодо олуттуу кадам болуп саналат, ошондой эле бул маанилүү аспектте өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий