• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кадамжай жана Ысык-Атада мугалимдер критерийдик баалоо методологиясын үйрөнөт

Коом 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. Кадамжай жана Ысык-Ата райондорунун башталгыч класс мугалимдери критерийдик баалоо методологиясы боюнча окутуудан өтөт.

Билим берүу министрлиги билдиришкендей, учурда Бишкек шаарында машыктыруучулар окутулууда.

Тренингден өткөн машыктыруучулар Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында Чүй облусунун Ысык-ата районундагы 20 жана Баткен облусунун Кадамжай районундагы 20 мектептин башталгыч класс мугалимдерин этап менен менен окутат.

Методологияны пилоттоону 2023-2024-окуу жылынын II-IV чейректеринде өткөрүү пландаштырылууда. Сыноонун жыйынтыгы боюнча аны өлкөнүн мектептерине мындан ары киргизүү боюнча сунуштамалар иштелип чыгат.

Критерийдик баалоо - бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.

Пикир

Оставить комментарий