• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Экономика 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. 25-октябрдан тарта Экономика жана соода министрлиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын 90 календардык күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди.

Аталган башкармалык мындай чечим көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди.

Маалым болгондой, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өкмөттүн 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтомуна ылайык иштеп, республиканын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын контекстинде көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий