• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мамлекеттик ипотекалык компанияны каржылоо 7 жылдын ичинде 5,5 эсеге өстү

Экономика 0

Бишкек, 31.10.23. /Кабар/. "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКты каржылоо 2016-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта 5,5 эсеге өстү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, 2021-жылы МИК аркылуу 3-4 ай ичинде 732 үй-бүлө турак жайлуу болушкан. Ал эми 2022-жылы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын тарыхында рекорддук сумма 4 млрд 655 млн сомдон ашык каржылоо болуп 1804 үй-бүлө турак жайлуу болууга жетишти.

"Мамипотека берилип баштаган 2016-жылга салыштырмалуу 2023-жылы каржылоо 5,5 эсе өстү", - деп жазды ал.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарандарды арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды. Ага ылайык, ипотекалык насыянын жылдык төлөмү мамлекеттик кызматкерлер үчүн 4%, жеке тараптар үчүн 8%га төмөндөп, төлөө мөөнөтү 15 жылдан 20-25 жылга чейин узартылды.

Орунбеков белгилегендей, 2023-жылдын башынан тарта мамлекет көп кабаттуу үйлөрдү өзү куруп баштады, алар төмөнкүлөр:

- 5050 батирлүү “Мурас” комплекси. 18, 24 жана 28 кабаттан турган 39 корпус;

- Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндө 6 корпустан турган 620 батирлүү турак жай;

- Бишкектин түндүк тарабында 7 корпустан турган 549 батир;

- Тунгуч кичирайонунда 63 батирлүү көп кабаттуу турак үй;

- Бишкек шаарынын ортосунда 81 батирлүү үй;

- Бишкек шаарынын 11-кичи районунда 500 батирлүү көп кабаттуу үй;

- Жал кичи районунда 45 батир.

Пикир

Оставить комментарий