• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга “Акылдуу шаардын” башкы планын иштеп чыгууга кореялык адистер келди

Коом 0

Бишкек, 24.10.22. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түштүк Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министрлигинин жана Тышкы инфраструктураны өнүктүрүү жана шаар куруу мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтен билдиришкендей, Кореянын Хан-А консорциумунун мүчөлөрүнүн жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Кыргызстанда Ысык-Көл акылдуу шаарынын башкы планы жана алдын ала техникалык-экономикалык негиздемеси” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Жолугушуу гибрид форматында өттү. Бул долбоор гранттык негизде глобалдуу кызматташуу аркылуу акылдуу шаар долбоорлорун өнүктүрүү үчүн K-City Network программасынын алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду ишке ашыруу үчүн Кореянын Жер, инфраструктура жана транспорт министрлиги менен Чет өлкөлүк инфраструктураны жана шаарларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик корпорациясын өнүктүрүү дүйнө жүзү боюнча акылдуу шаар куруу долбоорлорунун боюнча консультациялык кызматтарды көрсөткөн Хан-А консорциуму тартылды.

Жыйындын жүрүшүндө акылдуу шаардын башкы планын түзүү, долбоордун инфраструктуралык чечимдерин жеткирүү жана Ысык-Көл облусунда акылдуу шаардын алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо маселелери талкууланды.

Хан-А консорциумунун вице-президенти Мин Бымсик Кыргызстандын кызыкдар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү үчүн “Ысык-Көл Смарт сити” долбоорунун алдын ала башкы планы боюнча кеңири баяндама жасады.

Министрдин орун басары Ысык-Көл облусунда калктын жашоо сапатын жакшыртууга, Кыргызстандын туристтик жагымдуулугун жогорулатууга жана туризмди өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү “Акылдуу шаарды” куруу үчүн долбоорду мындан ары алга жылдыруу жана жеке инвестицияларды тартуу зарылдыгын билдирди.

Бул жалпы эле социалдык-экономикалык өнүгүүгө оң түрткү болот. Акылдуу шаардын башкы планын иштеп чыгууда логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууну эске алуу менен эл аралык атаандаштыкка жөндөмдүү шаарды курууга басым жасалат.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий