• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мыйзам бузган эки акча алмаштыруучу жайга 55 миң сомдон айып салынды

Коом 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамдын талаптарын бузган 2 акча алмаштыруу жайына 55 миң сомдон айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган жайлар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол беришкен.

Натыйжада алардын ар бирине 55 миң сом өлчөмүндө айып салынган.

Пикир

Оставить комментарий