• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өспүрүмдөр арасында тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча рейддер өттү

Коом 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунун билим берүү уюмдарында өспүрүмдөр арасында тамеки тартууга каршы күрөшүү боюнча рейддер өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейддин жүрүшүндө мектептин аймагы, атап айтканда, ашкана, даараткана, фойелер текшерлип, мыйзам бузуулар аныкталган жок.

Рейдге Ленин райондук билим берүү борборунун башчысы, жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын башчысынын милдетин аткаруучу, Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү катышты.

Рейддик иш-чаралар бекитилген пландын негизинде улантылат.

Пикир

Оставить комментарий