• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жүзүмкан айылында күйдүргү оорусуна байланыштуу малды чыгарууга чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Күйдүргү оорусуна байланыштуу 7 адам ооруканага жаткырылган Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмкан айылында малды чыгарууга чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык карантин жана өзгөчө кооптуу оорулар борборунун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага жаткырылгандардын экөөсүнөн күйдүргү оорусу тастыкталган, калгандарына тери күйдүргү диогнозу коюлган.

"Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Ылаңдаган малдын этин жеген 41 байланыш адамы профилактикалык дарылануудан өтүштү, алардын абалы нормалдуу. Айыл толук карантинге жабылган жок, малды чыгарууга чектөөлөр бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий