• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев кытайлык кесиптешине жер титирөөнүн курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.12.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Кытай Эл Республикасынын Бүткүл Кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзиге Ганьсу жана Цинхай провинцияларында катталган жер титирөөдөн улам көп адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Анда мындай деп айтылат:

“Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында катталган жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сизге, каза болгон маркумдардын жакындарына жана жалпы Кытай элине көңүл айтып, табиягый кырсыктан жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”.

Эскерте кетсек, 19-декабрга караган түнү Кытайдын түндүк-батыш тарабындагы Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титиреп, көп адамдар набыт болду.

Пикир

Оставить комментарий