• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эсептөө палатасы 2017-жылы 2,153 млрд. сомго каржы тартибин бузуу фактыларын аныктады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Эсептөө палатасы 2017-жылы жалпысынан 2673 аудит объектисине текшерүү жүргүздү, анын ичинде бюджеттик мекемелер – 1884, чарбалык субъектилер – 436, дагы башка субъектилер – 7, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржыланган субъектилер – 346. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2017-жыл үчүн Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчет угулуп жатканда билдирди.

«Отчеттук мезгилдин ичинде жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 2 млрд 153 млн сомдук каржы тартибин бузуу фактылары аныкталды, бюджеттин резерви жана жоготуу – 9 млрд 471 млн сом, сарамжалсыз пайдаланган каражаттар – 351 млн сом, сарамжалсыз пайдалануудан улам ордуна коюла турган каражат – 2 млрд 594 млн сом. Ушу тапта 2 млрд 11 млн сом ордуна коюлду же ал 80 пайызга аткарылды», - деди Улукбек Марипов.

Андан тышкары, 2017-жылы жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн натыйжасында 1297 эскертүү жана 79 сунуштама берилгени белгилүү болду. «Текшерилген субъектилерге берилген 886 эскертүү толугу менен аткарылды, 230 эскертүү жарым-жартылай аткарылды, 102 эскертүүнүн мөөнөтү өтө элек, ал эми 79 эскертүү аткарылган жок», - деп кошумчалады Улукбек Марипов.

Пикир

Оставить комментарий