• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайда жер титирөөдөн 100дөн ашык киши каза болуп, 400дөй адам жаракат алды

Дүйнө 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Кытайдын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн кеминде 116 киши каза болуп, дагы 400дөн ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги Кытайдын мамлекеттик басылмаларына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, жер силкинүү түнкү саат 12лерде Ганьсу провинциясында катталып, жүздөн ашык киши каза болду. Коңшу Цинхай провинциясында да курмандыктар бар экени кабарланууда.

Зилзаладан улам аталган эки аймакта тең үйлөр жана инфраструктуралык объектилер зыянга учурады. Ганьсу провинциясында эле 5 миңге жакын турак үй кыйраганы айтылууда. Айрым райондордо суу жана электр энергиясы менен камсыздоо системалары бузулду. Кырсык болгон аймактарга жалпысынан 1,5 миңге жакын өрт өчүрүүчүлөр жана куткаруучулар жөнөтүлдү.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин курмандыктардын санын азайтуу үчүн болгон күчтү жумшоо зарыл экенин билдирип, масштабдуу издөө операциясын жарыялады.

АКШнын Геология кызматынын маалыматына караганда, силкинүү күчү 5,9 баллды түзүп, очогунун тереңдиги 10 чакырымга жеткен.

Кытай Евразия, Инди жана Тынч океан тектоникалык плиталары кесилишкен аймакта жайгашкан жана жер титирөө ыктымалдыгы жогору деп эсептелинет.

Кытайда акыркы жылдардагы эң кыйратуучу жер силкинүүлөрдүн бири 2008-жылы майда Сычуань провинциясында катталып, 87 миңден ашык киши каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий