• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

SpaceX компаниясы коммерциялык Falcon Heavy ракетасын ийгиликтүү учурду

Дүйнө 0

Бишкек. 12.04.19 /Кабар/. SpaceX компаниясы биринчи коммерциялык Falcon Heavy оор жүк ташуучу ракетасын ийгиликтүү учурду.

11-апрель күнү АКШнын Канаверал космодромунан абага көтөрүлгөн ракета Сауд Аравиялык "Arabsat 6A" байланыш спутнигин космоско алып чыкты.

Falcon Heavy ракетасы атайын орбитага жүк ташуу үчүн даярдалган. Ал салмагы 63 тоннага чейинки жүктү космоско алып чыга алат.

Falcon биринчи жолу 2018-жылдын февраль айында учуп, космоско Tesla Roadster электр унаасын алып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий